Саламаттык сактоо министрлиги оорукана куруу үчүн инвесторлорду тартууда

© Фото / пресс-служба Минздрава КРСаламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев "Хуан Хе интернешнл" кытай инвестициялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Хуан Хе интернешнл кытай инвестициялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ооруканаларды куруу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев "Хуан Хе интернешнл" кытай инвестициялык компаниясынын өкүлдөрү менен жаңы оорукана куруу боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Кытай делегациясынын жетекчиси инвестициялык компания мамлекеттик экенин билдирип, анын негизги максаты башка өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагы менен кызматташуу экенин белгилеген. 

"Компаниянын өкүлү алгач Кытайдагы алдыңкы саламаттык сактоо уюмдары менен таанышып алып, андан кийин Кыргызстанга жаңы оорукана куруу маселесин талкуулоону сунуштады", — деп айтылат маалыматта. 

Талантбек Батыралиев саламаттык сактоо тармагына жаңы клиникаларды куруу жана инвестицияларды тартуу муктаждыгы бар экенин айтып, эки тараптуу кызматташууга Кыргызстан даяр экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0