Сабыр Жумабеков: газ ташуучу унаанын жарылышынан жабыркагандарга көп кан керек

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКан тапшыруу. Архив
Кан тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 6-июнь күнү кечинде газ ташуучу автоунаа жарылып, андан 10 киши жабыркап, алтоо оор абалда ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Газ ташуучу автоунаа жарылып, андан жабыркагандардын дарылануусу үчүн көп кан керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев, Бишкек улуттук травматология жана ортопедия институтунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди. 

Дүйшөмбү күнү, 6-июнда кечинде газ ташуучу автоунаа жарылып, андан 10 киши жабыркап, алтоо оор абалда ооруканага жеткирилген.

"Жөнөкөй жарандан тартып фармацевтикалык компанияларга чейин жардам көрсөткөн баарыңыздарга алкыш. Өрттөн жабыркагандарды дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөөдө. Алардын абалы оор", — деди Жумабеков. 

Анын айтымында, учурда жабырлануучуларга жардам көрсөтүү үчүн керектүү дары-дармектер жетиштүү. Бир күн ичинде шаардык мэрия 1 миллион сом, дары-дармек менен камсыздоо департаменти 65 миң сомдук дарыларды жөнөткөн. 

"Жабырлануучулар ар убак канга, альбумин препаратына муктаж болууда. Биз аларды бир күндө беш иреттен тамызуудабыз. Бир альбумин препараты үчүн ондогон адамдын каны керек. Ал кымбат дарылардын катарына кирип, бир даанасы 3 миң сом турат. Ал эми дарылануу үч айга созулат. Андыктан көп кан керек", — деди дарыгер. 

Ал эми министр Батыралиев бардык жарандарды кан тапшырууга чакырып, кайдыгер болбоого үндөдү. 

Ал ортодо президент Алмазбек Атамбаев өрттөн жабыркагандарга 500 миң сом акчалай жардам бөлдү.

Каалоочулар Манас проспекти 60 дараги боюнча кан тапшырса болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0