КМШ өкмөт башчыларын тамшандырган боорсокту ким жасаган?

Жазылуу
Аталган боорсоктор күн мурунтан даярдалып, өзгөчө ыкма менен жасалган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстанга КМШ премьер-министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, Армениянын вице-премьери Ваче Габриелян, Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары Сатлык Сатлыков, Казакстан, Белоруссия, Тажикстан өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Карим Масимов, Андрей Кобяков жана Кохир Расулзодалар келишти. 

© Фото / Салтанат АбишеваКөп жылдык тажрыйбасы бар наабайчы Наталья Савченко
Пекарь Наталья Савченко - Sputnik Кыргызстан
Көп жылдык тажрыйбасы бар наабайчы Наталья Савченко

Өлкөгө келген үлкөн атка минерлерди "Манас" аэропортунан салт боюнча улуттук тамак-аштын бири болгон даамдуу боорсок менен тосуп алышты. Sputnik Кыргызстан агенттиги конокторду тамшандырган боорсокторду ким жасаганына кызыгып көрдү. 

Бизге маалым болгондой өкмөт башчылардын таңдайын такылдаткан боорсокторду көп жылдык тажрыйбасы бар наабайчылар Татьяна Завгороднева менен Наталья Савченколор жасашкан. 

"Манас" эл аралык аэропортунун технологу Георгий Нагайдын айтымында, ар бир конокко өзгөчө рецепт менен үч килограммдан боорсок даярдалган.

"Жасоо ыкмасы жөнөкөй эле. Сүт, маргарин майы, ачыткы, ун азыктарын жана сүйүү мээриминен бир кашык кошуп туруп, жан дүйнө менен даярдаганбыз", — деди технолог. 

Ал эми наабайчылар Татьяна Завгороднева менен Наталья Савченко бир аз толкунданганын билдирди. 

"Жүз көрүшүп амандаша албаганыбыз өкүнүчтүү деңизчи, бирок мен жасаган боорсок Дмитрий Медведевди тамшандарды деп үмүт кылам", — деди Завгороднева. 

КМШ премьер-министрлери Кыргызстанга өкмөт башчылардын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0