Быйыл Ысык-Көлдө туристтердин коопсуздугун 2800 милиция кызматкери камсыз кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдүн жээгинде эс алып аткандар. Архив
Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып аткандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 32 курорттук-саламаттык сактоо мекемелеринде 187 видеобайкоо орнотулган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Быйыл туристтик мезгилде 2800 милиция кызматкери эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 284 курорттук-саламаттык сактоо мекемелери бар. Алардын кырк экиси бала бакча болуп саналат. 

Милиция кызматкерлеринен сырткары дагы 600 ыктыярдуу элдик кошуундар коомдук тартипке көз салат.

"Жол кыймылындагы коомдук коопсуздукту жөнгө салуу максатында Бостери айылында милиция бөлүмүнүн ыкчам штабы түзүлгөн. Бул штабдан жарандардын арыздарына тиешелүү жоопторду берет", — деп айтылат билдирүүдө. 

ИИМ быйыл эс алуучулардын коопсуздугу үчүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылында милиция бөлүмү, ал эми Бишкек — Торугарт жолунун 138-чакырымындагы "Куакы" ашуусунда аймактык милиция пункту ачыларын белгилейт. 

Мындан сырткары, учурда 32 курорттук-саламаттык сактоо мекемелеринде 187, облустун жолдоруна 81 видеокамера орнотулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0