"Зеленстрой" муниципалдык ишканасы шаардагы гүлдөрдү түндө сугарууда

Жазылуу
Калаа жетекчилиги шаарды таза сактап, отургузулган гүлдөрдү жулбай, аларга аяр мамиле жасоону өтүнөт.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек мэриясынын "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы шаардагы гүлдөрдү түндө сугарууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-майга караган түнү Жукеев Пудовкин, Юнусалиев, Пушкин, Москва, Бөкөнбаев, Абдрахманов, Шопоков, Гоголь жана Чүй проспектисиндеги гүлдөр менен газондор сугарылды.

Бишкек шаарынын мэриясы шаарды таза сактап, отургузулган гүлдөрдү жулбай, аларга аяр мамиле жасоону өтүнөт. Ошондой эле "Зеленстрой" ишканасынын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0