Бишкекте кытай товарларынын көргөзмө-жармаңкеси болот

© AP Photo / Andy WongКытайдын желеги. Архив
Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай ишкерлерине өз өндүрүшүн Кыргызстанга алып келүү жана өлкөнүн инвестициялык потенциалы тууралуу маалыматтар бизнес-форумда айтылат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаарында Кытай товарларынын жармаңкеси болот. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Экскаватордун ковшун оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарым кылымдык кептер: Кыргызстандагы кагаз бетинде калган ири долбоорлор
Ага ылайык, жармаңке 1-3-июнь күндөрү өтөт. Бул иш-чара Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусу, Кашкар округунун өкмөтү жана КР Экономика министрлиги тарабынан уюштурулууда.

Көргөзмө-жармаңкенин максаты — эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу жана ишкерлердин байланыш түзүүсүнө өбөлгө болуу.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында бизнес-форум өтүп, Кытайдагы өндүрүш ишканаларын Кыргызстанга алып келүү боюнча кытай ишкерлерине бош турган ишканалар тууралуу маалыматтар берилет. Андан сырткары, экономиканын түрдүү тармактарына инвестиция тартуу жана 2016-жылы аукционго коюла турган кендер тууралуу да айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0