Атамбаев: чек арачылардын күжүрмөндүгү менен чек ара ишенимдүү кайтарууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Куралдуу күчтөргө: өлкө эч кимдин алдында тизелебейт, анткени сиздер барсыздар
Атамбаев Куралдуу күчтөргө: өлкө эч кимдин алдында тизелебейт, анткени сиздер барсыздар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы кызматта туруп каза болгон бардык чек арачылардын элеси элдин эсинде түбөлүк сакталарын белгиледи.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чек арачыларыбыздын күжүрмөн аракети менен бүгүн Кыргызстан өз чек арасын ишенимдүү көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктаган сөзүндө айтты.

Өлкө башчы көз карандысыздыктын кадыр-баркын билген жана өз бүтүндүгүнүн камын көргөн мамлекет үчүн чек араны кайтаруу эң маанилүү милдет болгон жана болуп кала берерин белгиледи. 

"Чек арачы болуу эрдикти, чыдамкайлыкты, чыныгы кесипкөйлүктү талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат. Алар көп учурда ден соолугун жана өмүрүн тобокелчиликке салып, катаал шарттарда кызмат өтөшөт. Чек арачылардын катарында өмүрү кылдын учунда турса да ар качан "чек арачы" деген улуу милдетти так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза, жүрөгү элим, жерим деп соккон чыныгы азаматтар көп. Алар элибиздин сыймыгы!", — деп айтылат куттуктоодо.

Атамбаев бардык чек арачыларга ыраазычылык билдирди.

Согуш арагерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Энелер күнүбү же Мекен коргоочуларбы? Өлкө кайсы майрамга көбүрөөк муктаж
"Биздин чек арачыларыбыздын күжүрмөн аракети менен бүгүн Кыргызстан өз чек арасын ишенимдүү көзөмөлдөп турат. Алар эл аралык террорчуларга жана экстремисттерге, мыйзамсыз миграцияга, чек аралар аралык кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүп, баңги трафигине жана контрабандага ишенимдүү бөгөт болушууда", — деди президент.

Өлкө башчы Улуу Ата мекендик согуштун кандуу майдандарында каармандык көрсөткөндөрдүн, Баткен окуялары учурунда Мекен үчүн кырчындай өмүрү кыйылгандардын жана тынчтык күндөрү чек арада мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген террорчулар, контрабандачылар менен бетме-бет кармашып, курман болгондордун жаркын элеси элдин эсинде түбөлүк сакталарын белгиледи.

Сөзүнүн аягында Атамбаев чек арачыларга чың ден соолук, бакыт-таалай жана Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жооптуу жана сыймыктуу кызматта жаңы ийгиликтерди каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0