00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

10 жылдык. Кулкунга куюулуп кетчү тамактын ордуна бөбөктөргө тартууланган тайлар

© Фото / Нургазы МайрыковСокулук районун Төш-Булак айылындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр аймактагы эки үй-бүлөгө бирден тай сатып беришти.
Сокулук районун Төш-Булак айылындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр аймактагы эки үй-бүлөгө бирден тай сатып беришти. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жакшы иштеринин бул сапаркы улантуучусу — Сокулуктагы айылдагы тогуз баладан турган топ болду. Алардын ашып-ташып кеткен байлыгы деле жок, бирок муктаждарга жардам берүүнү милдет деп эсептешкен.

БИШКЕК, 27-май— Sputnik. Сокулук районун Төш-Булак айылындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр аймактагы эки үй-бүлөгө кубаныч тартуулап, бирден тай сатып беришти. Бул туурасында айыл өкмөтүнүн жетекчиси Уранбек Кожокматов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

© Фото / Нургазы МайрыковСокулук районун Төш-Булак айылындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр аймактагы эки үй-бүлөгө бирден тай сатып беришти.
Помощь малоимущим семья выпускниками школ - Sputnik Кыргызстан
Сокулук районун Төш-Булак айылындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр аймактагы эки үй-бүлөгө бирден тай сатып беришти.

Төш-Булак айылындагы Рапком Кулданов атындагы орто мектепти мындан он жыл мурда аяктап кеткен окуучулардын бул демилгеси айылдагы жүрөк жылыткан жакшы саамалыктардын бири болуп калды. 

"Мектепти 10 жыл мурда бүткөн балдар келип, кеңешти. Анан айылдагы социалдык паспорту бар, тагыраагы жардамга муктаж деген бүлөлөрдү башынан аяк карап чыгып, ушул эки бүлөгө токтодук", — деди айыл өкмөтүнүн жетекчиси Кожокматов.

Алардын биринчиси — үч баласын жалгыз багып жаткан Арина Мамбетазизованын бүлөсү. Анын жолдошу былтыр өтүп кеткен. Бүтүрүүчүлөрдүн белегине бөбөктөр чын дилден кубанып турган чагы. 

Ал эми экинчи Канат Ташкеевдин үй-бүлөсү азыр жардамга болуп көрбөгөндөй муктаж, себеби үйдүн кожоюну былтыр ооруп, инсульт дартына чалдыккан.

Айылдаш инилеринин жардамы Ташкеевди гана эмес, анын балдарын, жубайын кошо толкундантты. 

"Айыл балдарынын биздин үй-бүлөгө берген бул жардамы моралдык жана материалдык жактан абдан маанилүү. Балдарга ыраазчылыктан башка эмне айтарымды билбей турам", — деди Ташкеевдин жубайы Сайра Дербишалиева.

"Улак сезону башталганда атты минип чыгып, балдар эл катарына кошула алат"

Жакшы саамалыкты уюштуруучулардын бири Нургазы Майрыков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ой кайдан кантип пайда болгонун айтып берди. 

"Ар ким өз мүмкүнчүлүгүбүзгө карап, айылда жардамга муктаж болгондор бар дегенде кол кабыш кылалы дедик. Адегенде эле бөбөктөрдү эстедик. Балдар алдыга позитивдүү маанай менен кадам шилтесин, "бизге жардам бере турган байкелер бар экен" деген сезим болсун дедик. Кыйналып жашаганда жаман ойлор келе берет го, биз мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче балдарды ошондой жаман ойлордон коргонго аракет кылдык", — деди Нургазы.

Бул идеяны тогуз бала ишке ашырган. Алардын арасында типографисттер, аскер жана милиция кызматкерлери, анан да Кыргызстандын чемпиону болгон улакчылар бар.

Ал эми эмнеге жылкы алып бергендиктерин кайра эле ошол кичинекей балдардын маселеси менен байланыштырып айтып берди.

10 жылдык, 20 жылдык… Ысыраптан соопчулукка баш коё баштаганда
"Биздин айылда атка өзгөчө басым жасайт. Анын себебинин бири — көк бөрү боюнча атактуу командалардын бири "Бөрүлү" да биздин айылдан, алардын арасында биздин эки Айбек, Калысбек аттуу балдар ойношот. Андан уламбы, айтор, көк бөрүгө кызыгып, дээрлик ар бир үйдө ат кармашат. Кеңешип отуруп, жылкы сатып берсек, аны бөбөктөр күзүндө улак сезону башталганда минип чыгып, эл катарына кошулат деген ой болду",— деди ал.

Бүгүн 27-май, айылда акыркы коңгуроо жаңырды. Ал эми биздин каармандар — шаардан, район борборунан келип, Төш-Булакка чогулду. Мектепти бүтүргөн мезгилди эскерип, өтүп кеткен классташынын үйүнө барып, эскерип, куран окутушту. 

Биз өткөн материалыбызды бүтүрүүчүлөрдүн жакшы демилгесин жазууну улантууга убада бергенбиз, бул кезектеги материал болду. Кийинкиси дагы уланмакчы… 

Жаңылыктар түрмөгү
0