Эртең Кыргызстанда күн чайыттай ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын көчөлөрүндө эс алып жаткан иттер. Архив
Бишкек шаарынын көчөлөрүндө эс алып жаткан иттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында күн 26 градуска чейин жылыйт.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Борбор калаада жылуу болуп, абанын температурасы 24… 26… градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында да күн ачык болуп, 27… 29 градуска чейин ысыйт

"25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге жетиши күтүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

27-майга чейинки убакыт аралыгында аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0