Премьер-министр Түркиядагы КРдин жасалма паспорту боюнча чууну иликтөөнү тапшырды

Жазылуу
Кытайдын Үрүмчү шаарынан Стамбулга учуп келген 98 уйгур жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жасалма паспорту менен Стамбулда кармалган 98 уйгурдун окуясын иликтөөнү ИИМ башчысы Мелис Турганбаев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Паспортко салынган акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пулуң болсо кулуңмун: кадыры кеткен кыргыз паспорту
Ага ылайык, Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалгандар боюнча өкмөт башкы атайын жыйын өткөргөн.

Белгилей кетсек, Кытайдын Үрүмчү шаарынан Стамбулга учуп келген 98 уйгур жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган.

Жээнбеков жакын арада бул маселенин чоо-жайын иликтеп чыгууну тапшырды.

"Мындай окуялар Кыргызстандын аброюна шек келтирип, элдин бийликке болгон ишенимин жоготот. Бул сыяктуу нерселер биринчи жолу эле болуп жаткан жок. Андыктан бул тармакта коррупциялык схемаларды жоюу керек", — деди өкмөт башчы.

Ички иштер министрине ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн атайын топ түзүү тапшырылды. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы иликтөө иштерине колдон келген жардамын бериши керектигин айтты.

Аталган мамлекеттик эки орган жасалган иштердин жүрүшү боюнча коомго такай маалыматтарды берип турмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0