Мэрия "Элдик парламентке" "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүгө уруксат берген жок

Жазылуу
Митингдин уюштуруучулары 50 миңге жакын адам чогуларын билдиришти. Ал эми УКМК коомдук бирикменин үч мүчөсүнө кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 16 май — Sputnik. Бишкек мэриясы "Элдик парламент" коомдук бирикмесине "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүгө уруксат бербей койду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, аталган бирикме 17-май күнү "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүнү пландап жатканын жарыялаган. Аянтка 50 миңге жакын адам чогулары айтылган. 

Бишкек мэриясы митингди Жеңиш аянтында, "Ата-Түрк" сейил багында же "Ак кула" ипподромунда өткөрүүнү сунуштады. Себеби митинг шаардын борборунда өтө турган болсо жай тургундарга ыңгайсыздык жаралып, авто тыгындар пайда болору эскертилген. 

Атамбаев "Элдик парламент" жана өзүнүн отставкасы тууралуу
Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети уюштуруучулар өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу билдирме тараткандан кийин митингдин өтүшүнө тыюу салынды. 

Биринчи Май райондук администрациясынын жетекчиси Аскербек Алиев 13-май күнү буйрукка кол коюп, 16-майда документтин көчүрмөсү уюштуруучуларга тапшырылган. 

Өткөн жуманын бейшемби күнү УКМК "Элдик парламент" бирикмесинин үч мүчөсүнө 27-295 "Бийликти күч менен басып алуу" жана 27-341 "Бийликтин өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 

Кылмышка шектүүлөр УКМКга жеткирилип, иликтөө иштери башталган. 

Натыйжада коомдук бирикменин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Койлубаев эки айга камакка алынышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0