БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ысык-Ата районунун Киргшёлк айылында үч аялды бычактап өлтүрүүгө шектелип 18-21 жаштагы алты киши кармалганын ички иштер министрлиги билдирди.
Ишти иликтөө үчүн атайы ыкчам топ түзүлүп, тергөө иштери ИИМ башчысы Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынган.
"Узакка созулган иликтөөнүн натыйжасында 11-май күнү аталган кылмышка шектелип Ысык-Ата районунун 21 жаштагы эки тургуну кармалды. Учурда алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ушул эле аймакта жашаган 20 жана 18 жаштагы үч жаранды, ошондой эле Ысык-Көлдүн 18 жаштагы жашоочусун кармашкан.
Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөөнү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.