Боомдо таш кулатылып, жол маал-маалы менен жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы унаа. Архив
Боом капчыгайындагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таш кулатуу иштери Боом капчыгайынын 122-чакырымында жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайында поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери бүгүн, 10-майдан башталып 13-майга чейин улантылат. Мындан улам Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматы тарабынан саат 9.00дөн 15.00гө чейин жол маал-маалы менен жабылып турат.

"Жолдо 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишкана таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөрүн кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0