ӨКМ: Сузак районунда жер көчкү жүргөн аймакта күзөт уюштурулду

© пресс-служба МЧС КРСузак районунда жүргөн жер көчкү. Архив
Сузак районунда жүргөн жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда акыркы жумада бир нече жолу жер көчүп, 16 жаштагы бир бала каза болгон.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Сузак районунда жер көчкү жүргөн аймакта күзөт уюштурулганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, 27-апрелден тарта Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында бир канча ирет жер көчүп, 16 жаштагы бир бала каза болгон. Андан сырткары бир нече үй жабыркаган.

Учурда жаратылыш кырсыгы болгон аймакта жашагандарды жана үй-эмеректерин көчүрүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.

"Бүгүнкү күнгө жалпы 120 үйдүн эмереги, күндө керектелүүчү буюмдары коопсуз аймактагы үйлөрүнө жана туугандарыныкына көчүрүлдү. Алты турак жай үй ээлери тарабынан толук бузулуп алынды. Кооптуу аймакта калган 18 үйдүн керектүү эмеректерин үй ээлери өздөрүнүн күчү менен ташып кетишкен. Көчкү жүргөн жер айыл аймак тарабынан көзөмөлгө алынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле 2-майга карата ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан 10 орундуу эки чатыр тигилип, ал жерде штаб түзүлгөн. Айыл аймактын жетекчиси тарабынан күзөткө туруучулардын тизмеси дайындалып, көчкү жүргөн аймак райондук администрация жетекчилиги жана КРнын ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0