БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Башкы прокуратура Жолдубаев Эрмек Ырысбаевич кыргыз-казак чек арасынан кармалды деген маалыматты четке какты.
"Эрмек Жолдубаев учурда Бишкек шаарында. 9-апрель күнү кыргыз-казак чек арасын кесип өткөн эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин айрым маалымат каражаттарында башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бир тууганы болушу мүмкүн делген Эрмек Жолдубаев Кыргызстандан Казакстанга чыгып бараткан жеринен кармалып, андан баңгизат табылганы тууралуу маалымат тарап кеткен.