Сак болуңуз! Facebook социалдык тармагында My first video аттуу вирус жайылууда

© Sputnik / Эркин АлымбековКомпьютердин мониторунан тартылган My first video вирусу
Компьютердин мониторунан тартылган My first video вирусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер кимдир-бирөө видеону этибар албай басып алса, Facebook баракчасынын жана браузерде сакталып калган сыр сөзүн алмаштырып, компьютерди вирустан текшерүү керектигин IT-специалист Михаил Дудин айтат.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Facebook социалдык тармагында вирус жайылып жатышы мүмкүндүгүн IT-адис Михаил Дудин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Бүгүн эртең менентен баштап Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары алардын атынан башкаларга күмөндүү шилтемелер тарап жатканын айтып даттанышууда. My first video деп аталган шилтемени таптакыр ачпоону сунуштайм. Аны басканда вирус делген шилтеме сиздин атыңыздан башкаларга да тарайт", — дейт Дудин.

Ал эгер кимдир-бирөө видеону этибар албай басып алган болсо, Facebook баракчасынын жана браузерде сакталып калган сыр сөзүн алмаштырып, компьютерди вирустан текшерүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0