00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЮСАИД Баткен өрүктөрүн өргө тарттыбы же көргө салдыбы…

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБазарда өрүк сатуу. Архив
Базарда өрүк сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендеги органикалык аймакка химиялык каражаттын колдонулушу социалдык тармактарда талаш жаратууда. Айрымдар дыйкандардын өздөрү күнөөлүү десе, кээси бекер кызмат көрсөткөн уюмду сынга алышты.

БИШКЕК, 7-апр. – Sputnik. Органикалык аймакка айланган Баткендеги Карабак айылына ЮСАИДдин "Агро Горизонт" программасынын өкүлдөрү келип "БИ-58" химиялык каражатты сээп жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Алыш Дан" кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшов билдирди. 

"Мындай каражаттарды колдонуу менен Баткендин органикалык аймак катары калыптанып келе жаткан атын бир заматта булгап салышты", − дейт Төлөмүшов.

Анын айтымында, "БИ-58" — коркунучтуу класстагы химикат. Аны жерлерди чегиртке каптап, башка каражаттардын күчү жетпей калганда гана колдонуу керек. 

"Булар болсо эч кандай ооруну аныктабастан эле түйүлүп калган өрүктөргө химикатты сээп баштады. Эгер жаш балдар ал өрүктү жеп алса эмне болот", − дейт Төлөмүшов. 

Ал учурда 628 гектар жер дарыга ууланып калганын айтты. Былтыр аталган уюм органикалык аймакка тийишпей турганын билдирип, бирок, быйыл келип алышканын кошумчалады. 

Органикалык аймак деген эмне?

Органикалык аймак — бул бир айылдын же райондун фермерлери химикатсыз жемиш өстүрүүгө макулдашат. Бул жалпылай ишке ашырылуучу процесс. Бир же эки үй-бүлө органикалык жемиш өстүрө албайт. Себеби, башка дыйкандар колдонгон химикаттын курамы суу менен кошо төмөнкү айылдарга түшөт. 

Өнүп кеткен пияз, 250 миң сом насыя жана мээнети акталбаган дыйкан
"Агрардык платформа" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Бермет Турсалиева органикалык аймактарды жайылтуу келечек үчүн маанилүү экенин айтат. 

"Кечээ эртең менен Россиядан 20 тонна органикалык абрикос алат элек деген кат келди. Бирок, тилекке каршы бизде анчалык көлөм жок. Ошон үчүн мындай аймактарды көбөйтүү керек", − дейт Турсалиева. 

Анын айтымында, органикалык аймакка "БИ-58" каражатын колдонууга болбойт. Ал ден соолукка өтө зыян. Анын колдонулушуна айрым өлкөлөрдө тыюу салынган. 

Кайчы пикир

Ал эми биология илимдеринин доценти Кубанычбек Тургунбаев "БИ-58" гана эмес, башка каражаттарды да колдонууну үйрөнүш керек экенин айтты. 

"Мындай дарыларды колдонмоюн жакшы продукция алалбайбыз. Андыктан, сөзсүз колдонуу керек. "БИ-58" дарысын бүчүр байлаганда жана мөмө түйүлгөндө колдонсо болот. Антпесе, өрүк дарактары котур болуп кетет", — дейт Тургунбаев.

Анын айтымында, элди мындай заттарды колдонууга тескерисинче, үйрөтүү керек. 

Ал эми Айыл чарба министрлигине караштуу азык-түлүк коопсуздугу жана агрардык маркетинг саясат башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Жумабеков жемиштердин курамында химикаттын өлчөмү көп болсо, Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгү начарлай турганын билдирди.

Кампадагы картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жапырт банкрот болгон дыйкандар жана министрликтин кыл учундагы тагдыры
"Жемиштерди ЕАЭБге экспорттоодо алар сөзсүз лабораториялык текшерүүдөн өтөт. Эгер продукциянын курамында химикаттын өлчөмү көп болсо, ал өткөрүлбөйт", — дейт Жумабеков. 

Ал эми химикаттын өлчөмү жемиштин курамында нормадан жогору болуп кетпеши үчүн дарыларды өз чеги менен колдонуу керек экенин агроном Өмүрбек Мамбетов билдирди. 

"Өсүмдүктөргө дарыларды колдонуунун илимий нормасы иштелип чыккан. Мисалы, "БИ-58" каражаты бир гектарга 1,5 литр колдонулат. Ал эми ар бир 10 литр сууга 30-35 граммдан кошулат", — дейт Мамбетов.

Анын айтымында, жемиштерге нормадан ашык каражат колдонулса, анын курамында химикат сакталып калат. 

Баткен облусундагы органикалык аймакка караган Карабак айылынын тургуну Иса Жалилов ЮСАИДдин "Агро Горизонт" программасы сунуштаган бекер кызматтан баш тартканын билдирди. 

"Зыянкечтерге каршы деп "БИ-58" каражатын ЮСАИДдин өкүлдөрү бекер сээп берип жатышат. Буга чейин ал каражатты эч ким колдонгон эмес. Азыр бекер берип жаткандыктан элдер кызыгып, макулдугун беришти", — дейт Жалилов.

Ал органикалык өрүктөрүн сактап калуу үчүн бекер дарыдан баш тартканын кошумчалады. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги ЮСАИДдин "Агро Горизонт" программасы Баткендеги өкүлү менен байланышканда жетекчиликтин уруксатысыз телефон аркылуу жооп бере албай тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0