Ажыга баруу үчүн эмнелерди билүү керек

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHМеккедеги зыяратчылар. Архив
Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 3685 орун бөлгөн.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Быйыл ажылык сапарга барууну каалаган зыяратчылар эмне кылуусу керек жана эмнелерди билүүсү кажет? Бул боюнча Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги көп берилген суроолорго КР Мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте жооп издеди.

Каттоо качан башталат?

Ажыга барууну каалагандарды каттоо 2016-жылы 11-апрелден 11-майга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгу облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

Кайсыл жерден катталса болот?

Каттоо өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Бишкек жана Ош шаарында каттоо иши казыяттарда гана жүргүзүлөт. Ал эми Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында зыяратчыларды каттоо казыяттарда жана райондордо өтүп, жалпысынан 29 каттоо пункту иштейт.

Чучукулак деген эмне?

Эгер 100 квота берилген аймактан 150 киши бара турган болсо, алар чучукулак кармашат. Ал электрондук түрдө аныкталат. Былтыр Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында чучукулак кармалган. Былтыр чучукулактан өтпөй калган жарандардын аты-жөнү быйылкы чучукулактын тизмесине эки жолу жазылат. Үч жолу катышып өтпөй калса, анын фамилиясы үч жолу жазылат. Ал эми бешинчи жолу катышып жаткан жаран дароо эле ажыга барчулардын тизмесине кабыл алынат. 

Чучукулакка эмне документтер талап кылынат?

  • РСК банкына (ажылык-2016 счетуна) кайтарымсыз төлөнгөн (500 сом) төлөмдүн квитациясынын көчүрмөсү.
  • Ажылыкка мурда барбагандыгы тууралуу маалымкат. (Маалымкатты жашаган аймагындагы мечит имамынан алса болот)
  • Чучукулакка катышкан жаран жашаган жеринде кеминде 2015-жылдын 1-октябрына чейин каттоодо болушу шарт. (Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы).
  • Чет элдик паспорту (Акыркы үлгүдөгү. Түшкөн сүрөтү жаңы болсо жакшы болот).
  • Аял киши үчүн махрамдын (коштоп баруучу) болуусу шарт. (Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы талап кылынат).
  • 3x4 көлөмүндөгү төрт даана сүрөт. (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовой) кагазда болуусу шарт). 
  • Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.
  • Ажыга баруучунун кийим өлчөмү жана жеке телефон номери алынат.
  • Ажыга барчу жаран 18 жашка чыгуусу шарт.

Электрондук чучукулактан өткөн жарандар талап кылынган документтерге кошумча төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

  • №086 формасындагы медициналык справка.
  • Жалпы чыгымдалчу каражаттын ичпндеги кайрымдуулук иретинде берилүүчү акчага ыраазычылык катын тапшыруу. (Ыраазычылык кат берүү ажынын ыктыярында).
  • Келишимге жана ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу.

Зыяратчылар Сауд Аравиясына качан барып, качан кайтышат?

Түп районундагы 90го таяп калган байбиче ажылыкка барууну көздөйт
Сауд Аравияга алгачкы каттам 16-августта болсо, акыркы рейс 4-сентябрда учат. Ал эми 17-сентябрдан баштап ажыларыбыз мекенине кайтат. Жалпысынан 18 каттам болот.

Ажылык учурунда зыяратчыларды кимдер карайт?

Кыргызстандан алты дарыгер коштоп барат. Ошондой эле ал жактан да дарыгерлер каралашат. Алар ажылардын ден соолугуна жооп берет. Мындан сырткары, 50 кишини бир ажы башчы карайт. Ал 50 кишинин жоопкерчилигин моюндайт.

Зыяратчылар жанына эмне алышы керек?

Кыргызстандан кошумча бир нерселерди алуу сунушталбайт. Эгер Сауд Аравиядан бир туугандарына белек алам десе акча алып алса болот.

Зыяраттын баасы канча болот?

Учурда зыяраттын баасын муфтият тактап жатат. Каттоо башталганга чейин баасы аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0