БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелди эс алуу күнү кылууну сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчынын жарлыгы Жогорку Кеңеште каралуусу керек.
"Эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң оор, эң татаал соңку ашуусун элибиз 2010-жылдын 7-апрелинде ашып өткөнүн эске алып, Жогорку Кеңеши депутаттарына жылына белгиленүүчү "7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү" Эмгек Кодексте белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталсын", — деп жазылат жарлыкта.
Мындан сырткары, Атамбаев 17-мартты "Аксы окуяларынын күнү" жана 24-мартты "Элдик революция күнү" деп жарыялоону сунуштап жатат.
Ага ылайык, 24-мартты улуттук майрам катары майрамдоо тууралуу буга чейинки жарлык өз күчүн жоготот.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.