Алдамчылык боюнча козголгон кылмыш ишке аты аталган компания тиешеси жок экенин жар салды

Жазылуу
Мындан эки мурун ШИИБ маалымат таратып, анда бир аялдын элди алдап акчасын алып жүргөнүн маалымдаган. Билдирүүдө кармалган жаран "АиК" компаниясында иштей турганы айтылат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мындан эки күн Бишкек ШИИБ мурун өзүн бухгалтер катары тааныштырып, бир адамды 53 миң долларга алдап кеткен Ольга Куксина аттуу жарандын кармалышы тууралуу маалымат тараткан. 

Анда Куксина "АиК" компаниясынын атынан "иштеп келгени", кармалган жаран менен аталган ишканадан жабыр тарткандар милиция кызматкерлерине кайрылуусу керектиги айтылат. 

"АиК" компаниясы ШИИБ тараткан маалымат чындыкка дал келбей турганын, козголгон кылмышка ишкананын эч кандай тиешеси жок экенин жар салды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0