БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкектин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева инсульт болуу коркунучунда турат. Бул тууралуу анын туугандары дарыгерлерге таянуу менен билдиришти.
Жанабаева ден соолугу начарлап дүйшөмбү күнү Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана документтерди жасалмалаган деген шек менен өткөн бейшемби күнү Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан кармалып, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ишемби күнү сот аны камакта 17-апрелге чейин калтыруу боюнча чечим чыгарган.
"Ал реанимацияда. Үстүнө эч кимди киргизбей жатышат. Абалы оор экенин айтышууда", — дешти Жанабаеванын туугандары.
Милициянын айтымында, ал убактылуу кармоочу жайда кармалып, жүрөгү ооруп жатканын айткан. Күч структурасындагы булак Жанабаева түндө оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылганын билдирди.
Ал арада Жанабаева Sputnik Кыргызстан агенттигине инспекторду кызматтан бошотуу боюнча буйрукка анын орун басары Нурбек Молдогазиев кол койгонун айтып берген.
Ал эми Молдогазиев аталган буйрукка кол койгонун, бирок бул башка күнү болгонун маалымдаган. Учурда ал Жол кайгуул кызмат төрагасынын милдетин аткарууда.