Мечит жамаатынын демилгеси менен айылдык көпүрө оңдолду

© Казыят Баткенской областиТамаша айылындагы бузулган көпүрөнү оңдоо
Тамаша айылындагы бузулган көпүрөнү оңдоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бузулган көпүрө ары-бери өткөндөр үчүн ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кадамжай районундагы Тамаша айылындагы бузулган көпүрө жергиликтүү мечиттин жамаатынын демилгеси менен оңдолду. Бул туурасында Баткен казыятынын маалымат кызматы билдирди.

"Буга чейин бузулган көпүрө ары-бери өткөндөр үчүн ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Жаздын келиши менен жергиликтүү мечиттин жамааты демилге көтөрүп, өздөрү жашаган жайдын шарттарын жакшыртуу максатында көпүрөнү оңдоо ишин колго алышты", — деп билдирди маалымат кызматы.

Жыйынтыгында, мечит кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулардан түзүлгөн ыктыярдуу топ көпүрөнү оңдогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0