Бишкектик сүрөтчү кыз оорулуу балдарга 200 миң сом берди

© Фото / Владислав ПоповБишкектик сүрөтчү 19 жаштагы Алия Шагиева. Архив
Бишкектик сүрөтчү 19 жаштагы Алия Шагиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражатты сүрөтчү өз эмгектерин сатуу менен тапкан.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелеринин "Сантерра" фондусуна кайрымдуулук иретинде 200 миң сом берилди.

Каражатты бишкектик сүрөтчү 19 жаштагы Алия Шагиева берген. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен сүйлөшүп жатып, сүрөтчү бул акчаны бейшемби күнү өткөн "Метамарфоза" деп аталган көргөзмөдө эмгектерин сатуу менен тапканын айтып берген.

Кыздын айтымында, анын көргөзмөгө коюлган сүрөттөрүнүн баары сатылып кеткен.

"Мындай ийгиликке жетишем деп ойлогон эмесмин. Студентмин, ата-энем менен чогуу турам. Мынча көп акчанын мага кереги жок. Мага караганда оорулуу балда ага көбүрөөк муктаж. Аларга чын ниетимен жардам бергим келди", — деди Шагиева.

Фонд бул тартууну чоң ыраазычылык менен кабыл алды. Коомдук бирикменин башчысы Дина Эшалиеванын айтымында, кыздын бул аракетине алар аябай таң калышкан.

"Жаш кыздын мындай кадамына баарыбыз таң калдык. Ыраазычылык билдиребиз. Каражат эмнеге жумшаларын азырынча аныктай элекпиз. Бирок баары ачык-айкын болушун каалайбыз, андыктан Алия биздин иш-аракеттерибизден кабардар болуп турат", — деди ал.

Сүрөтчү ар шаршемби күнү бир саат убактысын балдар менен сүрөт тартууга бөлөрүн билдирди. Кыз жакын арада футболка менен стикерлерди сата баштай турганын, анын акчасын да фондго бере турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0