Статкомитет: бала бакчадагы 100 орунга 128 бала туура келет

© Sputnik / Александр Кожохин / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы төрт жылда бала бакчалардын саны жогорулаганы менен ага барчу балдардын саны да өскөн.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы төрт жылда бала бакчалардын саны 445ке көбөйгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны 741 болсо, былтыркы жылы алардын саны 1186га жеткен. Мында бала бакчага барчу балдардын да саны 161 миңге жетип, 1,6 эсеге көбөйгөн.

"Жаңы бала бакчалар жергиликтүү бийлик менен имараттарды бала бакча кылып түзүүнүн эсебинен көбөйдү. Учурда бала бакчага болгон муктаждык дале курч турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө 100 орунга 128 бала туура келет. Аймактарга караганда шаардагы бала бакчалар белгиленген чектен көп балдарды тарбиялоодо — 100 орунга 154 бала туура келсе, айыл жеринде бул көрсөткүч 107 наристени түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0