Сариева: элеттик окуучулар интернетке туташат, компьютер сабагы 5-класстан тарта киргизилет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОкуучу. Архив
Окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча мектептердин интернет менен камсыз болуусун жок дегенде 70-80 пайызга камсыздоо үчүн кеминде эки жыл талап кылынат.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстан боюнча "Акылдуу мектеп" программасы киргизилгени жатат. Долбоордун алкагында бардык мектептер интернет менен камсыздалып, электрондук билим алууга шарт түзүлөт деп Билим берүү министри Элвира Сариева Бишкекте өткөн пресс жыйында билдирди. 

Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууга бюджеттен алгачкы 100 миллион сом бөлүнгөн. 

"Бул суммага үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта республика боюнча 1 миң мектепке интернет киргизилет. Бирок, азырынча кайсы региондорго бөлүштүрүлөрүн так айта албайм. Себеби, тизмеси эми түзүлүп жатат", — деп билдирди министр Сариева. 

Ал эми окуучулардын информатика сабагы боюнча билимдери төмөн болуп жатканын айткан министр, көйгөйдү жоюу жолдору каралып жатканын билдирди. 

"Учурда мектеп окуучулары информатика сабагын 7-класстан тарта окуп жатат. Бул системаны өзгөртүп, 5-класстан тарта компьютер сабагын киргизүүнү көздөп жатабыз. Учурда бул сабак бир жумада бир жолу өткөрүлсө, эми эки жолудан өткөрүлө баштайт", — дейт Сариева. 

Сабакты сапаттуу өтүүгө мугалимдердин билими канчалык деңгээлде жетиштүү деген суроогоо, министр мугалимдерди кайра даярдоочу институт ачыларын айтты. 

"Мугалимдер компьютерлерди аяп, окуучуларды киргизбей койгон учурлар кездешет экен. Мындан сырткары окуучуларга жогорку деңгээлде билим берүү максатында, информатика мугалимдерин кайра даярдоочу институт ачканы жатабыз. Документке премьер-министр кол койсо эле, институт мугалимдерди кабыл алып баштайт", — деди министр. 

Компьютердик программалоо боюнча жарышта окуучулар студенттерди жеңип алды
"Акылдуу мектеп" программасын ишке ашырууда көйгөйлөр дагы жок эмес. Алардын бир нечесин маалымат жыйынына келген "Маалымат эркиндиги" программасынын менеджери Лира Самыкбаева атап берди. Анын айтымы боюнча, республика боюнча жалпы мектептердин 25 гана пайызы компьютер менен жабдылган, бир компьютерге 12 окуучу туура келет, мектептердин тогуз гана пайызы интернетке туташкан.

Министр Сариева жогоруда айтылган көйгөйлөрдү эске алуу менен "Акылдуу мектеп" программасын Кыргызстан боюнча ишке ашыруу үчүн кеминде дагы эки жыл керектелерин айтты. 

Ал эми жашоонун кыйын шарттарына байланыштуу мектепке барбай жүргөн окуучулардын саны бүгүнкү күндө канчаны түзөөрү тууралуу суроо узатылганда Сариева так саны жок экенин айтты. 

"Мектепке барбай жүргөндөрдүн санын ар кайсы ведомство ар кандай айтышы мүмкүн. Мисалы, ИИМдин кызматкерлери рейд жүргүзүп, ошол рейдке таянуу менен бир саны айтышат. Бул маселени чечүү үчүн атайын мектептерге маалымат базасы түзүлгөнү жатат", — дейт Сариева. 

Анын айтуусунда, маалымат базасы аркылуу окуучунун мектепте канча сабак калтырганы, кайсы сабактан канча баа алганы тууралуу толук маалымат болот. Ал аркылуу балдарынын сабагын ата-энелери дагы интернет аркылуу көзөмөлгө алып калышат. Мындай система канча окуучу активдүү билим алып жатканын көзөмөлдөөгө шарт түзөөрүн министр кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0