Путин Москвада аялдын өмүрүн сактап калган Марат Исаевге сыйлык тапшырат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүМетродон аялдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Марат Исаев ата энеси менен. Архив
Метродон аялдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Марат Исаев ата энеси менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыраазычылык билдирүү аземи 10 мартта өтө турганын элчилик билдирди.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин метродон Москванын тургуну Юлия Валды сактап калган кыргызстандык Марат Исаевге сыйлык тапшыра турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине КРнын элчилиги билдирди.

Мекеме кыргызстандык жаран сыйлыкка көрсөтүлөрүн, бирок азырынча кайсы түрү ыйгарылары белгилүү боло электигин белгилейт.

"Биз бүгүн Марат Исаевди аэропорттон тосуп алабыз. 10-март күнү Россия президенти салтка айланган сыйлык тапшыруу аземин өткөрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Артём Королюк жана Марат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Марат Исаевге медаль ыйгарды
Азырынча бул маалыматты Кремлдин маалымат кызматы менен КР Тышкы иштер министрлиги тастыктай элек.

Буга чейин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин көрсөткөн эрдиги үчүн кыргызстандык Исаев менен милиция кызматкери Артем Королюкту сыйлаган

Муну менен бирге 18-февраль күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Исаевди сыйлоо салтанаты өткөн. Анда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан кол саат тапшырылып, 100 миң сом берилген. Элчилик да Исаевдин эрдигине баа берип, баалуу белек ыйгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0