Кадамжайда молдолордун демилгеси менен жүзүмдүн көчөттөрү менен гүлдөр отургузулду

© пресс-служба мэрии города БишкекКөчөттөр. Архив
Көчөттөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадамжайда жаздын илеби келип, диний ишмерлер ишембилик жарыялап, көчөттөр тигиле баштады.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Чынар айылынын имамы Бердикул Ашировдун демилгеси менен аймакты көрктөндүрүү иштери башталып, жүзүм жана гүл отургузулду. Бул туурасында Баткен казыятынын маалымат кызматы билдирди.

"Иш-чарага 100 дөн ашуун киши катышып, көрктөндүрү ишин Миң-Чынар айылындагы "Төрали" мечитинен башташты. Жыйылган таштандылар тазаланып, 50 түп жүзүм көчөтү жана ар кыл гүлдөр отургузулду", — деп билдирди казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиёев. 

Ал мындан сырткары аталган айылды суу менен камсыз кылган 120 тонналык суу сактагыч көлү тазаланып, таштандылар чыгарылгандыгын кошумчалады.

Миңге чукул бүлө жашаган айылда бул саамалык эми күн сайын кезек, кезеги менен улантылып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0