00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектеги кыргыз-түрк эркек лицейинин ондон ашык окуучусунан сарык вирусу табылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызмакери. Архив
Лаборатория кызмакери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун адистери окуу жайдын жетекчилиги менен окуучуларына санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо боюнча агартуучу лекцияларды окуп жатат.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. "Себат" билим берүү мекемесинин Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк эркек лицейинин он бир окуучусунан сарык вирусу (гепатит А) табылганын шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Омуралиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.

Ал сарык тууралуу билдирүү 25-январда шашылыш түрдө келгенин кошумчалады. Ошондой эле, бул оору санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактабагандыктан болорун Омуралиев белгиледи.

"Учурда аталган окуу жайдын жетекчилигине, окуучуларга санитардык нормаларды сактоо керектиги жана жеке гигиенаны сактоо боюнча атайын агартуучу лекциялар өтүлүп жатат. Гепатит "А" вирусу бул "кир колдун оорусу" деп айтылат. Андыктан тазалыкты сактоо кажет", — деди ал.

Омуралиев ошондой эле, аталган лицейдин жетекчилигине административдик чара көрүлүп, тийиштүү үч кызматкерге алты миң сом айып салынганын кошумчалады. Сарык вирусу 7-класстан 11-класска чейинки окуучулардан табылганын ал белгиледи.

"Себат" билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдиргендей, үчүнчү чейрек башталгандан кийин 25-январда эки окуучу лицейдин санитардык бөлүмүнө кайрылган. Алардын ата-энелери чакыртылып, балдарды ооруканадан текшертүү үчүн өздөрүнө тапшырылган. Алынган анализдердин жыйынтыгы менен окуучулардан гепатит "А" вирусу табылган. 

Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл сасык тумоого кабылгандардын саны 10 миңге көп болду
Маалыматка ылайык, 25-январдан 5-февралга чейин лицейдин санитардык бөлүмүнө жалпысынан түрдүү себептер менен 13 окуучу кайрылган. Сарык вирусу бар деп шектелген окуучулар ата-энелерине тапшырылган.

Учурда лицейдеги кырдаал боюнча жумушчу топ түзүлдү. Алар күн сайын балдардын ден соолугун, жатакана, класстардын жана ашкананын санитардык абалын көзөмөлдөп, тийиштүү чараларды көрүп жатканын "Себат" билим берүү мекемесинин маалымат кызматы кошумчалады. Андан сырткары санитардык эпидемиологиялык борбордон ушул күнгө чейин үч жолу текшерүү болгон.

Ал эми Билим берүү министрлиги аталган окуянын чоо-жайын иликтеп жатканын маалымат кызматы билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0