Сарпашев: эки саатта паспорт берүү кызматы ортомчулардын санын азайтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси борбор калаадагы Калкты тейлөө борборлорун кыдырып, эл менен баарлашты.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Эки саат ичинде паспорт берүү кызматынын ишке кириши менен ортомчулар жоюла баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорун кыдыруу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеме башчысы борборго келген жарандар менен баарлашып алардын дооматтарын укту. 

"Тургундар көпкө чейин кезек күтүп жаткандыктарын айтып, операторлордун оройлугуна даттанышты. Мындан тышкары, мындай борборлордун республиканын башка аймактарына ачуу зарылдыгын белгилешти", — деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен бирге жарандар залда түзмө-түз эл менен иштешүүгө 2-3 операторду бөлүп коюну сунушташты.

Сарпашев Калкты тейлөө борборлорун жайылтуу үчүн дарек баракчаларын санарипке өткөрүп, каттоо процедураларын автоматташтыруу зарыл экенин айтты. 

"Учурда 1 миллион 300 миң дарек баракчалары санарипке өттү, алдыда дагы 3 миллион баракча бар. Мындан кийин ЗАГС архивдерин санарипке өткөрүү иши башталат", — деди МКК башчысы.

Сарпашев ошол эле жерден борбор жетекчисине залда калк менен иштешүүгө эки операторду бөлүүнү тапшырды.

"Эки саатта паспорт алуу" кызматы былтыркы жылдын 19-декабрынан баштап ишке киргизилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0