БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, залкар акын Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Атактуу акын 1925-жылдын 15-майында Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга кетип, 1943–1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, "Ак шумкар" белгисинин ээси Сооронбай Жусуевдин алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан.
Андан бери акындын 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган жана ырлары алыскы жана жакынкы чет өлкө тилдерине которулган.