Facebook баракчасында шахмат оюнунун жашыруун функциясы табылды

© Sputnik / Михаил ДудинFacebook баракчасындагы шахмат оюну. Архив
Facebook баракчасындагы шахмат оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган функцияны жеке чатта жана Messenger тиркемесинде колдонуу мүмкүн.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Facebook социалдык тармагында жеке жазышуу учурунда шахмат ойного мүмкүнчүлүк бере турган функция табылды. 

Аталган функция жеке жазышуу жана Messenger тиркемесинде гана иштейт. 

Одноклассник социалдык тагрмагынын сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акчаны "Одноклассники" соцтармагы аркылуу которууга жол ачылды
Ал үчүн жеке чатка @fbchess play жазуусу киргизилет, андан кийин ал жерде шахмат тактайы пайда болот. Оюндун демилгечиси кара менен ойноп, экинчи болуп жүрөт. 

Фигураларды башкаруу үчүн кыска буйуртмалар терилет. Мисалы, пешка менен жүрүү үчүн @fbchess f3 жазылат. Мындан сырткары жүрүштү артка алуу үчүн @fbchess undo функциясы же "undo" клавишасы иштейт. 

Башкаруунун толук инструкциясы менен @fbchess help буюртмасы аркылуу таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0