Бүгүн мектептер арасында кагаз калдыктарын чогултуу боюнча жеңүүчүлөр аныкталат

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүМакулатура кагазы. Архив
Макулатура кагазы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык долбоордун алкагында мектеп окуучулары тарабынан жалпы 14 тонна кагаз калдыктары чогулган.

БИШКЕК, 29-янв. – Sputnik. Мектептер арасында уюштурулган кагаз калдыктарын чогултуу боюнча таймаштын жыйынтыктары 29-январда чыгарылат. 

Бишкек мэриясынын алдындагы Билим башкармалыгынын уюштуруусу менен 29-январда мектеп окуучулар арасында экология темасына багытталган бир катар иш чаралар өткөрүлөт. Анда "БИОМ" экологиялык кыймылынын директору Анна Кириленко лекция окуйт. Мындан сырткары мыкты эко-ураан ойлоп тапкандарга белектер ыйгарылат деп билдирет уюштуруучулар. 

Окуучу сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орто мектептерде англис тилинин жумалыгы өтөт
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын жаз айында 60 мектепке эко-коробкалар таркатылган. Негизги талап — кагаз калдыктарын чогултуу болуп саналат. Анда жалпы 14 тонна макулатура чогулган. 

Экологияга багытталган иш чараларга активдүү катышкан мектептер баалуу белектер менен сыйланышат. 

Белгилей кетсек, 2015-жылдан тарта "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду менен Бишкек мэриясына караштуу Билим башкармалыгынын демилгеси менен экологияны коргоого багытталган бир нече долбоорлорду ишке киргизген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0