Ошто эки жүз имам кезектеги окуудан өтүп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүОш шаарына көрүнүш. Архив
Ош шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуулар Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө багытталган Коргоо кеңешинин чечиминин алкагында жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Ош облусунда учурда 200гө чукул имам кезектеги эки жумалык окутуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Бул окутуулардын биринчи этабы 2-январда башталган.

КРде каза болгон египеттик мугалимдин ысымы берилген мечит Лейлекте ачылат
Маалыматта имамдар диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин жана милдеттерин тереңдеп өздөштүрүп, ошол эле убакта дин илими менен светтик илимдерди айкалыштырып коомчулукка маалымат бергенге үйрөнөөрү айтылат.

Молдолор андан сырткары компьютердик технологияларды пайдалануу жана интернет менен иштөөнү өздөштүрүп жатышат. 

Бул иш-чаралар Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө багытталган Коргоо кеңешинин чечиминин алкагында жүргүзүлүүдө.

Өткөн жылы Ош облусунун мусулмандар казыятынын карамагындагы 333 дин кызматкерлери тажрыйба алмашып жана окуулардан өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0