Таластык ишкер айымдардын финансылык сабатсыздыгы жоюлууда

Жазылуу
Учурда Талас облусунда элеттик ишкер аялдар үчүн эки күндүк семинар өтүүдө. Иш-чара Экономика жана өнөр жай министрлиги тарабынан Япониянын жакырчылыкты кыскартуу фондунун колдоосу менен өтүп жатат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Таластын ишкер айымдары алардын финансылык сабатсыздыгын жоюу, бизнес план түзүүнү үйрөтүүгө багытталган окуудан өтүп жатышканын Экономика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Уздугу көз талдырган, келини кыйын кыргыздын
Маалыматка ылайык, иш-чарага өнөр жай, кызмат көрсөтүү, кол өнөрчүлүк, айып чарба продукциясын кайра иштетүү жаатында ишкерлик кылган 25 айым катышууда.

Министрликтин билдирүүсүндө мындай семинарлар элеттик аялдардын лидерлик сапатын, финансылык сабаттуулугун өнүктүрүп, жеке бизнестин туруктуулугун шарттайт.

Ушундай эле окуулар 14-16-январь күндөрү Талас облусунун финансылык уюмдардын өкүлдөрү үчүн жүрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0