Суроо-жооп: унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу качан жана кандайча өтөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖарандык камсыздандырууга сөзсүз милдеттендирүү (ОСАГО). Архив
Жарандык камсыздандырууга сөзсүз милдеттендирүү (ОСАГО). Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда унаа ээлерин жарандык камсыздандырууга сөзсүз милдеттендирүү (ОСАГО) жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал февраль айынан тарта күчүнө кирет.

Унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу үчүн эмне керектиги тууралуу Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана аны жөнгө салуу мамкызматынын жетекчиси Санжар Муканбетов менен өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Калматова айтып беришти. 

Унаа каражат ээлерин сөзсүз камсыздандыруу деген эмне?

Унаа каражат ээлерин камсыздандыруу деген – бул айдоочулардын унаасы менен ден соолугун камсыздандыруу компаниялары тарабынан камкордукка алуу дегенди түшүндүрөт. 

Мыйзам качан күчүнө кирет? 

Сариев: февралдын биринен тарта эл үйлөрүн милдеттүү түрдө камсыздандырышы керек
Унаа ээлерин сөзсүз камсыздандыруу боюнча мыйзам 7-февралда толук күчүнө кирет. Камсыздандыруу 2,5 айдын ичинде башкача айтканда апрелдин орто ченине чейин жүргүзүлөт. Бул жарандарды милдеттендирген мыйзам болгондуктан, бардык унаа ээлери 2,5 айдын ичинде камсыздандырууга өтүүгө милдеттүү болушат. Каршы чыгып өтпөгөндөргө айып пул салуу каралууда. Бирок, азырынча анын так суммасы чечиле элек. 

Кайда барып камсыздануу керек?

Учурда сегиз камсыздандыруучу компания лицензия алууга жетишти. Дагы бир нече компаниялар аракет жасап жатышат. Алардын так тизмеси 7-февралга чейин аныкталып маасалык маалымат каражаттары тарыбынан жарыяланат. 

Лицензия алуу үчүн компанияларга уставдык талаптар коюлган. Уставдык капитал январдан тарта 100 миллион сом болуусу шарт. Бирок, лицензияга ээ болгон компаниялардын уставдык капиталы 300 миллиондон 700 миллионго чейин болуп жатат. Бул албетте жакшы көрүнүш. 

Камсыздандырууга канча каражат төлөө керек?

Бир унаа ээсин камсыздандыруу баасы учурда талкууланып жатат, болжол менен 3 миң сомдун тегерегинде болушу ыктымал. Камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы айдоочунун жашына, тажрыйбасына, унаанын жылына жана кыймылдаткыч көлөмүнө жараша чыгарылат. 

Камсыздандыруу компаниялары кайсы учурларда канча төлөп берет?

Камсыздандыруу күбөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар керт башынын коопсуздугунан көр оокатты артык көрөт
Камсыздандыруучу компания ар бир жол кырсыгы боюнча өзүнө ала турган жоопкерчилик чеги эң көп дегенде 550 миң сомду түзөт. Анын ичинен адам өлүмү үчүн 200 миң, ден соолукка келтирилген зыян үчүн 200 миң, мүлккө келтирилген зыян үчүн 150 миң сом каралган. 

Тагыраагы, маселен сиз жол кырсыгына кабылып башка унааны сүзүп алсаңыз, келтирилген чыгым эсептелинип каралган 150 миң сомдун ичинен каражат бөлүнүп, жабыркаган унаа оңдотууга берилет. Эгерде жол кырсыгынан бир нече адамдын ден соолугу катуу жабыркап, берилген 200 миң жетпей калса, калган чыгымды жаран өзү төлөп берүүгө милдеттүү болот. Ал эми 200 миң сом жабырлануучуларга акчалай түрдө тең бөлүнүп берилет. 

Камсыздандырууга кандай документтер керек?

Жаныңызда КРдин жараны экениңизди тастыктаган паспорт, айдоо күбөлүгү жана унаанын техпаспортун алып алыңыз. Чөнтөккө акча сала барууну да унутпаңыз.

Камсыздандыруу полиси канча мөөнөткө берилет?

Камсыздандыруу полиси бир жылга берилет. Мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан сатып алууга туура келет. Эгер кырсыкка көп учурап төлөм чеги бүтүп калса, полисти кайрадан сатып алса болот. 

Биздин үй-бүлөдө бир эле унаа бар. Буга ылайык бир камсыздандыруу полисин бардыгыбыз үчүн алсак болобу?

Албетте, бир полиске бир нече адамды каттого болот. Мисалы, жубайлар бир унааны колдонушса, экөөнө бир полис алууга акылуу. Эгер ошол эле унаадан башка адам жол кырсыгына кабылса анда камсыздандыруу компаниясы тарабынан эч кандай каражат бөлүнүп берилбейт. Бардык суроолорду өз алдынча чечүүгө туура келет. 

Мен Россияга барганы жатам. Берилген полис Казакстан менен Россиянын аймагында иштейби?

Тилекке каршы иштебейт. Ал мамлекеттердин аймагында камсыздандырууга ээ болуу үчүн алардын өздөрүнүн компанияларынан полис алууга туура келет. 

Кыска мөөнөттө камсыздандырууга жетишүүгө мүмкүнбү? 

Кыргызстанда 1 миллиондон ашык унаа катталган. Алардын ичинен 700 миңи колдонууда. Буга ылайык 2,5 айдын ичинде унаа ээлерин камсыздандырууга жетишүү мүмкүн. Бирок, убакыттын тардыгы байкалса мөөнөттү узартуу маселеси өкмөттүк деңгээлде каралат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0