Эки жоокерге ок чыгарган Улуттук гвардиянын аскери үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАбак кызматкери эшикти жаап жатат. Архив
Абак кызматкери эшикти жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек горнизонунун аскер сотунун ок чыгарган аскерди үй камагына чыгаруу чечими менен Бишкек горнизонун аскер прокуратурасы макул эмес. Алар республикалык аскер сотуна кайрылат.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкек горнизонунун аскер сотунун чечими менен курал колдонгон жоокер үй камагына чыгарылгандыгын Улуттук гвардиянын тарбия иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси Таалайбек Мырзабаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Кылмыш иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук гвардиядагы аскерлердин окуясы боюнча кылмыш иши козголду
Анын айтымында, аскер сотунун мындай чечимине Бишкек горнизонунун аскер прокуратурасы макул эместигин билдирип жогорку инстанция республикалык аскер сотуна кайрылмай болду.

28-декабрда эртең менен №714 аскер бөлүктө бир аскер кызматкеринин өлүмү менен аяктаган кырсык катталган. Экинчи жоокер оор абалда ооруканага жаткырылган.

Мырзабаев реанимацияда жаткан баланын абалы жакшырып, анын денесине тийген октор алынганын айтты.

"Жаракат алган аскерге үч ок тийген. Колуна жана курсагынан ок алынды. Төшүнө тийген окту дарыгерлер аны азыр алуунун кажети жок, аны менен деле жашап жүрсө болот деген маалымат беришкен. Ок адамдын негизги орган мүчөлөрүнө тийген эмес. Баланын апасы жана гвардиянын эки аскер кызматкери жанында болуп жатат. Жаракат алган аскер туруп басып жүрөт жана шорпо-шилең ичип калды. Жарадар болгон жоокерди аскер прокуратурасынын кызматкерлери келип сурак ала элек", — дейт Мырзабаев.

Ал ооруканада жаткан аскер 10-январлардан кийин ооруканадан толук чыгышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Ал эми каза болгон жоокердин жакындарына акчалай жана азык-түлүк жагынан жардам берилгенин Мырзабаев билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0