БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) дарылардын формасы боюнча номенклатурасы, медициналык каражаттардын классификациясынын эрежесин кабыл алды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.
Кабыл алынган документ дарылардын коопсуздугун, сапатын жана эффективдүүлүгү боюнча мониторинг жүргүзүүгө жардам берет.
Өзгөчө медицина жана ветеринарияда колдонулган дарылардын маркировкасына болгон талап күчөтүлөт. Ошондой эле дарынын таңгагына жазыла турчу дары тууралуу, чыгарган фирма жөнүндө маалыматтар боюнча бирдей стандарт болот.
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча министр Валерий Корешков фармацевтика жана дарылар рыногу социалдык маанилүү тармак экенин белгиледи.
2016-жылдын 20-январында ЕЭК биримдик ичиндеги дарыларды сатуу боюнча керектүү документтерди кабыл алары айтылууда.