Эмки жылдан баштап имамдар светтик билим ала баштайт

Жазылуу
Өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгы чыгарылган жыйында Ош облусунун аймагындагы мечиттердин аткарган жумушу жана келечек пландары талкууланды.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кийинки жылдын башталышынан тартып Ош облусундагы 822 мечиттин имамдарынын диний жана светтик билимин өркүндөтүп, заманбап технологияларды колдонуу боюнча эки жумалык окутуу семинарлары уюштурула турганын казы Самидин кары Атабаев жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди.

Борбордук мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде эми эч ким өз алдынча мечит кура албайт
Маалыматка ылайык, аталган семинарлар президенттин алдындагы "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулмакчы.

Мындан тышкары, жыйында быйыл үчүнчү кварталга карата облустагы 55 мечит каттоодон өтүп, төртүнчү кварталга дагы 40 мечиттин документтери каттоого жиберилген. Муну менен бирге диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциянын алкагында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш жүрүп, Сирияга азгырылуунун алдын алуу жана ысырапкерчиликтен сактануу боюнча коомчулукка түшүндүрүү аракеттери ишке ашканы белгилүү болду. 

Жыйында облус аймагынан муфтияттын аттестациялык сынагынан ийгиликтүү өткөн имамдарга стипендия берилип жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0