Куран менен Библияны кыргыз тилине которгон Эрнис Турсунов эскерилет

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры. Архив
Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгаан акын, таланттуу жазуучу, драматург көзү тирүү болсо быйыл 80 жашка чыкмак.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз эл акыны, Куран менен Библияны алгачкылардан болуп кыргыз тилине которгон котормочу Эрнис Турсуновдун 80 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында саат 15.00дө башталат. 

Эрнис Турсунов Фрунзе шаарында 1935-жылы 24-августа туулган. Анын драмалары кыргыз театрларына ийгилик менен коюлуп, опералык либретторлоруна композиторлор Мукаш Абдраев, Артык Мырзабаев, Сатылган Осмоновдор музыка, ырларына обончулар менен композиторлор обон чыгарышкан.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевдин 80 жылдыгы белгиленет
Турсунов Пушкиндин "Евгений Онегин" романын, Некрасовдун "Русь жеринде ким жыргайт" дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гоголь, Гоццинин, Брехтин, Хикмет, Уайлд, Теннеси, Филиппо, Ростан, Камю, Вишневский, Радзинский, Афонин, Дозорцев, Разумовскаянын драмаларын, поэзия классиктери Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковскийдин чыгармаларын которгон.

Кыргыз эл акыны 2014-жылдын 11-июнунда каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0