БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кажы министрлиги 10 кресло жана эки планшет сатып алууга ниеттенип жатканын тастыктап себебин түшүндүрүп берди.
Билдирүүдө креслолор конференц-залда чет элдик делегациялар менен өтүүчү протоколдук жолугушуулар үчүн керек экени, ал эми эскилери оңдолуп, кара пайдаланууга берилери айтылат.
Планшеттер алыстан туруп электрондук документтер системасына кошулуу үчүн зарыл экени түшүндүрүлгөн.
"Учурда министрликте 20 дан ашуун маалыматтык система иштейт. Планшеттер алыстан туруп тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө, корпоративдик электрондук почтага, автоматташтырылган казыналык системага кошулууга мүмкүнчүлүк берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, министрликтин жооптуу кызматкерлери парламент жана өкмөттүн жыйындарында, сот органдарында жана иш сапарларда "он-лайн" режиминде бардык маалымат менен камсыз болушу керектиги белгиленген.
"Үчүнчү муундагы процессорлүү планшеттер бюджеттик маалымат камтылган операцияларды аткарууга жеңилдик түзөт. Андыктан бул учурдун талабы", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган министрлик 10 креслого 284,6 миң сом, ал эми эки персоналдык планшет үчүн 228 миң сом коротууга белсенип жатат.