БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек шаарына коюла турчу негизги балаты Кытайдан алынып, жолдо келе жактандыгын жана бир жуманын ары-бери жагында борбордук "Ала-Тоо" аянтына коюла турганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин өлкөнүн негизги балатысы 5-декбардан тарта орнотулат деп маалымдалган. Мындай кармалуунун себебин мэрия борбордук аянтта электр тармактары жаңыланып жатканы менен түшүндүрдү.
"Жасалма балатынын бийиктиги 25 метр болот. Ага электр гирлянддар орнотулган болот, андыктан аны күйгүзгөндө электр жарыгынан маселе чыгуусун каалабайбыз. Андыктан, алгач жаңы жылдык кооздоолор болот, андан кийин гана балаты орнотулат", — деп мэриядан түшүндүрүштү.
"Аянтты жасалгалоо былтыркыдан айырмаланат. Көп түстүү неон жарыктарын орнотуу пландалууда", — деп мэриядан кошумчалашты.
Шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришкендей, балаты буга чейин айтылгандай 19-декабрда күйгүзүлөт.
Учурда Токтоболот Абдымомунов атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрынын алдына жана Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдына эки балаты орнотулуп жатат.