00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жасалма номер тагып автоунаа айдагандарга жаза айып пул менен чектелет

© снимок с экрана по продаже подложных номеровСсувенир катары жасалган мамлекеттик номерлерди саткан сайттан тартылган сүрөт. Архив
Ссувенир катары жасалган мамлекеттик номерлерди саткан сайттан тартылган сүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сувенир катары берилген мамлекеттик номерлерди автоунааларына тагып алып жүргөндөр тууралуу окурмандар WhatsApp каналы аркылуу билдирүүдө. Мындай аракеттер мыйзам бузуу болуп саналарын алар белгилешет.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жасалма номер тагып автоунаа айдагандарга жаза айып пул менен гана чектеле турганын ИИМдин Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов билдирди.

Окурмандар Sputnik агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу сувенир катары жасалган мамлекеттик номерлерди автоунаасына тагып алып жүргөндөр боюнча билдиришти.

Алардын айтымында, аталган номерлер чыныгы номерге абдан окшош. Бир катар жаштар аларды уурдап алып, машиналарына тагып алышы мүмкүн деген ойлор да айтылууда.

"Булар ичип-чегип алып ээн-эркин жүргөн жаштар. Себеби аларды күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү өздөрү калкалайт. Мындай айдоочулардын катарында укук коргоо органдарында сырттан иштегендер, алардын тааныштары да болушу мүмкүн", — деп жазат окурман.

Окурман анонимдик шартта белгилегендей, мындай алюминий номерлерди чыныгы номерден ажыратып билүү бир топ эле кыйын.

"Жол кайгуул кызматтары мындайларга көңүл деле бурбайт. Анткени "өзүбүздүкү" деген түшүнүк бар. Мындай номерлерди социалдык тармактардан сувенир катары сатып алса болот", — дейт ал.

Андыктан жөө адамдарды коюп кеткен машиналар табылбай калууда дейт окурман. Ал ошондой эле анын таанышы "ушундай бизнес" менен алектенерин айтып, бирок алардын аттарын атоодон баш тартты.

Оторовдун айтымында, жасалма номер тагып алып жүргөн айдоочулар мыйзам бузган болуп саналат жана аларга 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин административдик айып салынат. Автоунаалар айып короого жеткирилип, жасалма номерлери жок кылынат.

Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, мындай номерлерди Балтика жана Европа мамлекеттеринен машина алып келгендер жасашат.

Бишкек шаарынын көчөлөрүн көзөмөлдөөгө чыккан инспекторлор мындай номерлерди дароо аныктоо бир топ кыйын экенин айтышат.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 100 миң сомго VIVAT, VIP, BIRBOL, BOSS, MMM жана LIDER деген мамлекеттик номерлер сатылган. Бул номерди сатып алгандар мыйзамдуу түрдө аны машинасына тагып ала алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0