Айлин… Кыргызстанда "бейиштин булагы" жаралды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүФестивалдын катышуучулары. Архив
Фестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын элин алты миллионго жеткирген Айлин кыздын ысымын Sputnik агенттиги чечмелөөгө аракет кылып көрдү. Бул аттын көп кырдуу мааниси бар экен.

БИШКЕК, 25 ноя — Sputnik. Ошентип, Кыргызстандын алты миллионунчу жараны жарыкка келди. Ага энеси Айлин деп ат бергенин атасы Алмаз Кожошев Sputnik агенттигине билдирди. 

Бул ысым акыркы 20 жылда кеңири тарап, өзүнүн уккулуктуулугу, тыбыштык назиктиги менен көпчүлүккө жагат. Кыргызда эле эмес, көп элдерде кезигип жүрөт. 

Мааниси да ар тараптуу.

Айрымдарын атайлы:

  • Айлин – асманда айды тегерете курчап турган жарык нур;
  • Айлин – ак жуумал сулуу;
  • Айлин – бейиштин булагы;
  • Айлин – назик ай.

Алты миллионунчу Айлин үйдө алтынчы бөбөк болуп төрөлдү
Дагы бир маалымат боюнча бул монголдордун Оэлун же Оэлен деген атынан келип чыккан. Атактуу Чыңгызханды жарыкка алып келген энесинин ысымы ушундай болгон экен. Мааниси монгол тилинде – "ак булут" дегенди билдирет. Деги эле монгол маданиятында асманда калкыган булут жакшылыктын, тазалыктын, ыйыктыктын символу экени Чыңгыз атабыздын чыгармасынан белгилүү эмеспи.

Ал эми байыркы Руста Айлин деген атты жаңы төрөлгөн ымыркайга чиркөөдө экинчи ысым катары беришкен. Аны көпчүлүктүн кулагынан жашыруун кармап, ыйык тутушкан. Айлин адамдын өмүр бою коргой турган пиринин аты деп эсептелген. 

Жаңы дүйнөгө келген Кыргызстандын алты миллионунчу жараны Айлин да ажарлуу, ак пейил жана бактылуу, жакшылыктан эч кемибеген инсандардан болуп өссүн. 

Айлин аттуу азыркы белгилүү адамдар 

  • Пилар Химе́нес Гарсия – жаштар арасында жакшы таанымал испан ырчысы, Sirenia тобунун солисти, "Айлин" каймана аты менен белгилүү.
  • Айлин Гоудж – америкалык жазуучу.
  • Айлин Аслым — түрк ырчысы, аял укугунун активдүү коргоочу.
  • Айлин Хекарт – америкалык актриса, "Оскар", "Эмми" жана башка сыйлыктардын ээси. 
  • Айлин Хачатурян — армян-ливан ырчысы. "Armenian Music Awards" сыйлыгынын ээси ж.б.
Жаңылыктар түрмөгү
0