БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстан калкынын санын алты миллионго жеткирген ымыркайдын урматына ири программадагы майрамдык концерт тартуулана турганын өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады.
Буга чейин "мааракелик" наристе жарык дүйнөгө 25-26-ноябрь күндөрү келе турганын Улуттук статистикалык комитет билдирген. Ага ылайык, өкмөттүн демилгеси менен жумушчу комиссия түзүлүп, өлкөнүн алты миллионунчу жаранына өзгөчө көңүл бурулары айтылган.
Кечээтен бери атайын комиссия төрөлгөн 122 бөбөктүн маалыматын чогултуп, тактоо иштерин жүргүзүп келет. Түшкө жакын алты миллионунчу жаран тууралуу жар салынары күтүлүүдө.