Премьер жер титирөөдөн жапа чеккен элдин абалын көрөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖер титирөөнүн натыйжасы. Архив
Жер титирөөнүн натыйжасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч ирет болгон жер титирөөдөн аймактагы 379 үй авариялык абалга кабылган. Мындан тышкары, 2829 үйдүн дубалдарынан жарака кеткен.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ош облусунун Кара-Суу районундагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери менен таанышуу максатында аталган аймакка жөнөп кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кара-Суу районунда жер титирөөдөн жабыркагандарга 50 чатыр жөнөтүлдү
Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү Кыргызстанда 4 баллдан 7 баллга чейин үч ирет жер титирөө катталган. Ош облусу боюнча төрт жарым миңден ашык үй текшерилип, анын 379у авариялык абалга келип, 2829 үйдүн дубалдарында жарака пайда болгон. Андан сырткары, элүүдөй социалдык имараттардын дубалдары жарылса, беш социалдык имараттын абалы авариялык деп бааланган.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы жана ӨКМ жетекчисин кабыл алып, табигый кырсыктан жапа тарткан элдин абалы менен жеринен таанышуу тапшырмасын берген.

Учурда Ош облусунда ӨКМ өкүлдөрү жана Жарандык коргоо комиссиясы иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0