Түштүк борбор шаар күнүн шаңдуу белгилеп жатат

© пресс-служба мэрии города ОшВыступление детей на дне города. Архивное фото
Выступление детей на дне города. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош өзүнүн географиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу Чыгыш менен Батышты бириктирген Улуу Жибек Жолунун тоомундагы маанилүү түйүн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында шаар күнү күнү салтанаттуу белгиленип жатат. Майрамга калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, чет өлкөдөн келген сыйлуу коноктор, туристтер жергиликтүү эл катышууда.

Ош шаарынын мэри Кадырбаев калаа тургундарын майрамы менен куттуктап, Ош шаарынын майрамы оштуктарга гана эмес, бүтүндөй өлкөбүз үчүн да өзгөчө күн, өзгөчө майрам экендигин айтты. 

"Ош шаары өлкөбүздүн түштүк борбору катары Кыргызстандын чегинен сырткары бүтүндөй Борбордук Азия мейкиндигинде өзгөчө орунда турган саясий, экономикалык жана маданий борбор. Өзүнүн географиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу Чыгыш менен Батышты бириктирген Улуу Жибек Жолунун тоомундагы маанилүү түйүн. Буюрса, Ош шаары бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң кооз, экономикасы өнүккөн, элибиз бакубат турмушта жашаган, даңазалуу боло турган күндөр да алыс эмес", — деди Кадырбаев.

Майрамдын бул бөлүгүнөн кийин шаардын басып өткөн жолун чагылдырган театралдаштырылган оюн-зооктор менен коштолууда.

Быйыл байыркы Ош шаарына 3015 жыл толот.

Жаңылыктар түрмөгү
0