Рейд учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОк. Архивное фото
Ок. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылган ок-дары жана курал-жарак боюнча иликтөө иштерин жүрүп жатат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык ички башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жаткан "Арсенал" рейдинин жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган ок-дарылар табылганын ИИМ билдирди. 

Бишкектин унааларында курал-жарак изделүүдө
Маалыматка ылайык, "Фучик" паркындагы тирлердин биринен уруксат берүүчү документтери жок эки жащик ок табылган. Жалпы жонунан 7,62х54 миллиметрлүү 1 760 даана ок алынды.

Мындан тышкары, шаардын Гагарин көчөсүнөн "Хонда-Одиссей" унаасы токтотулуп, андан номерлери өчүрүлгөн төрт огу менен тапанча табылган. Ал эми унаанын ээси 28 жаштагы Ош облусунун тургуну иликтөөнүн натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени анык болгон.

Аталган фактылар боюнча иликтөө иштери башталды. Рейд 30-октябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0