https://sputnik.kg/20151021/1019480352.html
Атамбаев үч эмдин энесине үй сатып алыш үчүн 1,2 млн. сом бөлдү
Атамбаев үч эмдин энесине үй сатып алыш үчүн 1,2 млн. сом бөлдү
Sputnik Кыргызстан
Мектепте мугалим болуп иштеген экинчи топтогу майып Жылдыз Казиева Токмок шаарында батирде акча төлөп турарын, күйөөсүнүн туруктуу жумушу жок экенин жана... 21.10.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-10-21T12:05+0600
2015-10-21T12:05+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101948/20/1019482036_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_6aa6b8789122116bb3f3fe6f2caddb05.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаңылыктар, жылдыз казиева
кыргызстан, коом, жаңылыктар, жылдыз казиева
Атамбаев үч эмдин энесине үй сатып алыш үчүн 1,2 млн. сом бөлдү
12:05 21.10.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мектепте мугалим болуп иштеген экинчи топтогу майып Жылдыз Казиева Токмок шаарында батирде акча төлөп турарын, күйөөсүнүн туруктуу жумушу жок экенин жана үйдөгү 2,5 жаштагы баласы да тубаса шал оорусу менен ооруй турганын маалымдаган.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өз фондунан үч эмдин энеси Жылдыз Казиевага турак жай үчүн 1 миллион 200 миң сом бөлүп бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
15 Тогуздун айы 2015, 15:45
Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Чүй облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө үч эм кыздарды жарыкка алып келген экинчи топтогу майып Жылдыз Казиева абалын көрүүгө келген вице-премьер Дамира Ниязалиевага баш калкалар үй жок экенин айтып жардам сураган.
Мектеп мугалими болуп иштеген 28 жаштагы Казиева Токмок шаарында батирде акча төлөп турарын, күйөөсүнүн туруктуу жумушу жок экенин жана үйдөгү 2,5 жаштагы баласы да тубаса шал оорусу менен ооруй турганын маалымдаган.
Өз кезегинде вице-премьер аталган көйгөйлүү маселелердин баарын өкмөт башчыга маалымдарын билдирген.