БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоганга Анкарада болгон жардыруудан улам көңүл айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ишемби күнү эртең менен профсоюз жана коомдук уюмдар тарабынан уюштурулган митингдин катышуучулары асма жолдон өтүп бара жатканда эки ири жардыруу болгон. Анын кесепетинен 120дан ашуун киши өлүп, жарат алгандардын саны 250дөн ашты.
Атамбаев Кыргызстан дүйнө коомчулугунун терроризмге каршы аракетин колдой турганын билдирди.
"Кыргыз эли боордош түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат", — деп айтылат телеграммада.
Президент өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтып, жарат алгандардын тезинен сакайып кетишин каалады.