Жакын арада өлкөдөгү мектептин чатырына чейинки маалыматтар элге чыгат

Жазылуу
Кыргыз өкмөтү менен Европалык биримдиктин өлкөдөгү билим берүү тармагын реформалоо боюнча долбоору аягына чыкты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Үч жыл ичинде Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы ыкмаларына ылайык, 58 миң 795 мугалим билимин жогорулаткан. Андан сырткары, өлкөдөгү мектептердин бардыгы боюнча майда-чүйдөсүнө чейинки маалыматтар топтолгон. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Компьютер клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында 50 мектеп интернетке туташтырылды
Алардын ичинен 42 миң 109у башталгыч класстардын педагогдору болсо, 16 миң 686 премдеттик мугалимдер.

5-9 класстар үчүн жыйырма предмет боюнча жалпы окуу курстары иштелип чыккан. Калган 16сы өткөн айда министрликтин коллегиясында бекитилген. Бул маалыматтар Кыргыз өкмөтү менен Европалык биримдиктин өлкөдөгү билим берүү тармагын реформалоо боюнча долбоордун жыйынтыгын чыгарып жатканда айтылды. 

"2014-жылы Билим берүү министрлигине караштуу билим берүү мекемелери толугу менен эсеп-чоттон өтүп, андагы буюм-тайымдар катталып, маалыматтар 52 критерий боюнча такталган", — деп айтылат маалымат кызматы тараткан билдирүүдө. 

Учурда ар бир мектептин качан курулганы, качан ишке берилгени, дубалы эмнеден тургузулганы, чатыры, курулуштун түрү, имараттын абалы, спорт залынын, аянтчаларынын, интернеттин бар-жоктугу толук иликтенип чыккан. 

Министрликтен жакын арада мектептер туурасында бул маалыматтар майда-чүйдөсүнө чейин он-лайн тартибинде сайтка ачык коюларын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0